Казакстанда пилоттук айыл чарба каттоосу жүрүп
жатат. Ал баш оона айынын 20да башталып, аяк оона айынын аягына чейин уланат. Азыркы
учурда Улуттук статистика бюросу даярдык иштерин аяктап, маалыматтык
системаларды жана кызматтарды тестирлөө иштерин баштады. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы тараткан
маалыматка караганда, респонденттер эл каттоо бланктарын оффлайн режиминде да,
онлайн режиминде да толтура алышат. Эл каттоодон өз алдынча электрондук
версияда өтүү үчүн sanaq.gov.kz адистештирилген сайтына кайрылуу керек. Мындан тышкары, бюронун аймактык бөлүмдөрүнүн
кызматкерлери пилоттук долбоордун алкагында республиканын атайын тандалган 54
конушунда сурамжылоо жүргүзүшөт. Жалпысынан чарбадагы малды, башка жаныбарларды
жана канаттууларды каттоого ошондой эле статистикалык маалыматтарды чогултууга
5,2 миллиард теңге жумшоо пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков