Коло доору тууралуу өтө баалуу археологиялык маалыматтар, казак ырларынын тарыхы жана каармандардын каттарынын түп нускасы. Казакстан Республикасынын улуттук архивинде ачылган көргөзмөдө казактын көрүнүктүү окумуштуусу Алкей Маргуландын 120 жылдыгына карата ушундай бай мурастар сунушталды. Казак археологиясынын атасы аталган инсан изилдеген темалар кеңири. Анын изилдөөлөрү коло доорунан башталып, 19-кылымдагы казак акындарынын чыгармачылыгына чейин камтыйт.
Сагида Нурланова, Улуттук архивдин мүдүрү:
- Бул кишинин кору абдан бай. Жыйнакта Ыбырай Алтынсариндин 18 жашында Лев Толстойго жазган каты бар. Кошумчалай кетсек, казак элинин 1000 жылдык бай тарыхы бар улуу эл экенин далилдеген документтер учурда улуттук архивде сакталып турат. Улытау аймагынын өзүндө 150 ташты изилдеген. Азыр алардын жарымы жок. Бирок ушул Алкей Маргуландын изилдөөлөрүнүн аркасында ошол кездеги таштардын изилдөө жазмалары бар.
Белгилей кетсек, буга чейин бул архивдик документтерди магистранттар жана докторанттар гана көрө алышкан. Бүгүнкү күндө республикадагы жогорку окуу жайларынын студенттери казак тарыхынан баалуу маалыматтарды алуу үчүн Алкей Маргулан чогулткан маалыматтарды изилдөөгө мүмкүнчүлүк пайда болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков