Эл аралык Beyond The Horizon долбоору Астанада таныштырылды

Эл аралык Beyond The Horizon долбоору Астанада таныштырылды

Астанада «Горизонттон ашкан үн» - Voice Beyond Horizon эл аралык теледолбоорунун бет ачары болду. Анын тартылуу иштери аяк оона айында өлкөнүн алты аймагында өткөн. Долбоор Казакстан менен Кытайдын биргелешкен өндүрүшү болуп калды. Казакстан тараптан демилгечи жана аткаруучу продюсер - Димаш Кудайберген болду. Анын айтымында, долбоордун башкы максаты - бүткүл дүйнөгө өлкөнүн жаратылышын жана маданий мурасын көрсөтүү. Бул үчүн бардык катышуучулар – Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Италия, Малайзия жана Сербиядан келген артисттер Казакстандын шаарлары жана кооз жерлери боюнча турга жөнөштү. Музыкалык саякат Улуу Жибек жолунун жүрөгү болгон Түркестандан башталып, Каспий деңизинин жээгинде жана Бозжыранын уникалдуу пейзаждарында уланып, Алматы облусунун маданий берметтерин көрсөтүп, Казакстандын борбору Астанада аяктады. Уюштуруучулардын айтымында, жалпысынан 8 сынактык раунд пландаштырылган, 4 өзүнчө эфир Казакстандын тарыхына жана туристтик дараметине арналат.

Димаш Кудайберген, Ырчы:

- Мен да жаш муун үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө басым жасайм. Долбоорго биздин Нуржас да катышты, ал Казакстандан аткаруучу катары чыкты. Ал өз милдетин мыкты аткарды жана бул багытта өнүгүүсүн улантууда. Долбоордон кийин Казакстандан дагы бир эл аралык деңгээлдеги жылдыз пайда болот деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков