Казакстандын дагы бир командасы 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярданып жатат. Щучинск шаарында кыран куштарды колдонгон спорттун түрү болгон бүркүт салуу боюнча окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө. Акыркы машыгууларды Астанада өткөрүү мерчемделген. Негизги мелдеш борбор калаадагы «Казанат» ипподромунун жанындагы Этно айылда аяк оона айынын 12-13 күндөрү өтөт. Азыр 9 спортчу бүркүт, шумкар, куштарын таптап, мергенчилик чеберчиликтерин өркүндөтүшүүдө.
Ибрагим Базарбаев, бүркүт салуу боюнча Казакстан улуттук курамасынын мүчөсү:
– 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданып жатабыз. Билгенибиздин баарын, ата-бабадан калган өнөрүбүздү, билимибизди ушуга салып жатабыз. Биздин атаандашыбыз Европа, түрк өлкөлөрү болору шексиз. Кыргыз боордошторубуз, андан сырткары Монголиядан келчүдөй. Түркиядан келген командалар бар деп угуп жатабыз.
Серикбек Күнтуган уулу, бүркүт салуу боюнча Казакстан улуттук курамасынын мүчөсү:
– Алар жай бою байкоодо болушту. Азыр алардын этин тартып, даярдап жатабыз. Азыр бизде 3 бүркүт, 3 мүнүшкөр бар деп жатат. Мен бул Алгыр аттуу бүркүт менен катышам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков