Дүйнөгө мыкты иштери менен таанылган казак кызы тууралуу даректүү тасма жарык көрдү

Дүйнөгө мыкты иштери менен таанылган казак кызы тууралуу даректүү тасма жарык көрдү

«Dana. The World Citizen». Астанада ар кайсы өлкөлөрдүн миңдеген аялдардын тагдырына таасир эткен казак аялы тууралуу даректүү тасманын бет ачары болду. Тасманын каарманы учурда АКШда жашаган сценарист жана режиссёр Дана Зияшева. Продюсердин Коста-Рикадагы тасмасы ал өлкөнүн өкмөтүн жашы жете элек кыздарга турмушка чыгууга мыйзамдуу түрдө тыюу салууга түртку болгон. Бул эмгекте мекендештердин Америка, Монголия, Ирак, Түндүк Кореядагы социалдык көйгөйлөргө байланыштуу долбоорлору чагылдырылган. Бул казакстандык журналист Маншук Шымырбайдын автордук долбоору. Тасма «New York Film Academy» колдоосу менен Лос-Анжелес шаарында тартылган.

Маншук Шымырбай, «DANA. THE WORLD CITIZEN» даректүү тасмасынын автору:

- Бул кызматтардын баары ЮНЕСКОнун жана БУУнун курамында Борбордук Азия мамлекеттери боюнча кеңешчи катары аткарган жумушу. Учурда ал продюсер, сценарист, чыгармачыл жана өз подкастын улантууда. Ал адамдын эмгек ишмердигине, баштан өткөн тажрыйбасына көз чаптырсак, чындыгында казак кызын казак коомчулугунда, казак кыздарына үлгү катары көрүүгө, аны менен сыймыктанууга татыктуу.

Астанада аял болмушуна арналган көргөзмө ачылды

Ошондой эле бул күнү борбор калаада аялдардын болмушу менен ички дүйнөсүнө арналган сүрөтчүлөрдүн  көргөзмөсү ачылды. Анда өлкөнүн 10го жакын аял заты кылкалем чеберлеринин 25 чыгармасы коюлду. Көргөзмөдө көркөм сүрөт искусствосуна кадам таштаган жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери да сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков