Акмола аймагынын улуттук паркы аймагында жаныбарлар популяциясы артты

Акмола аймагынын улуттук паркы аймагында жаныбарлар популяциясы артты

Бул жерде туяктуу жаныбарлардын саны 100гө, жырткычтардын катары калыңдай түштү. Улуттук парктын кызматкерлери өсүмдүктөрдү жана фаунаны сактоого көп көңүл бурушуп, дыкат көзөмөлдөшөт. Алардын ичинен өмүрүнүн 30 жылдан ашыгын токой жаныбарларына кам көрүүгө арнаган Александр Макаренкону атоого болот.

Александр Макаренко, токой чарбачылыгынын инспектору:

- Ишибизди күн сайын токой аралап жүрүп баштайбыз. Жайында жапайы жаныбарларга жем даярдайбыз. Ал эми күзүндө аларды тоютка кошобуз. Ошондой эле ар бир оттукка бир тоннадан чөп салабыз. Малды кошумча тоюттандыруу жетинин айынан чын куран айына чейин жумасына 2 жолу жүргүзүлөт.

Бармашы токой чарбасынын аймагы 9000 гектардан ашат. Бул жерде Аскания бугусу, сибирь эликтери, камандар, сүлөөсүндөр, карышкырлар жашайт. Быйыл бугу менен эликтердин саны 1500дөн ашты. Мындан тышкары жапайы камандардын саны 500дөн ашты. Сүлөөсүн жана карышкырдын тукуму көбөйүп келүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков