Казакстанда 15 ири өнөр жай долбоору ишке кошулат. Жаңы өндүрүштүк демилгелердин айрымдары жүзөгө ашырылып жатса, кээ бирлерине байланыштуу даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Анын арасында ысык брикеттелген темир өндүрүшү да бар. Заводдун кубаттуулугу 2 миллион тонна чийки затты терең кайра иштетүүгө жетет. Ал келечекте болот куюучу ата мекендик өндүрүш очокторун керектүү материалдар менен камыздайт. Ошондой эле, электр-металлургия комбинатын ишке киргизүү мерчемделген. Анда өлкөдөгү темир жол унаа куруу ишканалары үчүн атайын багыттагы болот чыгарылат. Үчүнчү долбоор – жез эритүүчү завод. Бул жерде чийки затты катоддук жезге чейин толук иштетүү каралган. Өнүм Кытайга экспорттолот. Мындан тышкары, швейцариялык компания менен биргеликте импортту алмаштырууга багытталган уникалдуу демилге - жүргүнчүлөр вагондорун чогултуучу завод салуу көздөлгөн. Аталган өндүрүштөрдүн жалпы наркы 7 триллион теңгени түзөт. Алар чет элдик инвестициянын, анын ичинде эл аралык каржы уюмдарынын насыяларынын эсебинен ишке ашырылат. Бардык долбоорлор өлкөнүн өндүрүштүк базасынын дараметин арттырууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков