Казакстанда кичи жана орто бизнестин субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторий 2024-жылга чейин узартылышы мүмкүн. Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөнүн Улуттук экономика министрлигинде даярдалууда. Башкармалык пландан тышкаркы текшерүү өзгөчө учурларда, мисалы, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна же айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген мыйзам бузууларды жоюу үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн экенин түшүндүрдү. Документ «Ачык ЧУА» (ченемдик укуктук акт) сайтына жетинин айынын экисине чейин коомдук талкууга коюлду. Эске сала кетсек, өлкөдөгү коммерциялык объектилерди текшерүүгө тыюу салуу 2020-жылдын үчтүн айынын биринен тарта күчүнө кирген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков