ІТ компаниялардын өнүмдөрү чет өлкөдө суроо-талапка ээ

ІТ компаниялардын өнүмдөрү чет өлкөдө суроо-талапка ээ

Буга бир мисал, Smart City жана AdTech компаниясынын Бириккен Араб Эмираттары үчүн акылдуу шаар гаджеттерин иштеп чыгуусу. Комплекстүү чечимди ишке ашыруу боюнча келишимге KazTrade соода саясатын өнүктүрүү борборунун атынан Экспорттук акселерация программасынын катышуучуларынын бири кол койду.

Асел Егембердиева, Соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрүнүн орун басары

- Программанын катышуучуларынын арасында товар өндүрүүчүлөрдөн тышкары кызмат көрсөтүүчүлөр да бар. Атап айтканда, IT кызматы. Өткөн жылы ага 11 компания катышкан. Быйыл тизмени кеңейттик. Азыр 27 ишкана бар.

Ишканага мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөткөн программа окутуудан тарта келишимге чейинки бардык этаптарды камтыйт. Буга стратегияны иштеп чыгуу, маркетингди илгерилетүү, көргөзмөлөргө катышууну камсыздоо, ошондой эле ишенимдүү сатып алуучу табуу кирет.

Асел Егембердиева, Соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрүнүн орун басары:

- Ошондой эле, бизде толук экспорттоочуларды окутуу блогу бар. Өткөн жылдан бери биз QazTrade академиясынын онлайн бизнес тажрыйбасын ишке киргиздик. 2021-жылы 200 ишкана окуудан өттү. Компаниялар быйыл да активдүү катышууда. Биз эл аралык талдоочуларды жана өзүбүздүн улуттук адистерди тартып жатабыз. Ошондой эле, экспорттун сырларын, натыйжалуу иштөө үчүн эмне керек экенин үйрөтөбүз. Эмнеге көңүл буруу керек, кандай тобокелчиликтер жана коркунучтар бар деген темаларды көтөрөбүз.

Соода саясатын өнүктүрүү борбору казакстандык компанияларды эл аралык платформаларга жылдыруу менен алектенет. Ошентип, 200дөн ашык ишканалар Alibaba онлайн платформасында "Алтын камсыздоочу" макамын алышты. Бул соода аймагына 4 миңден ашык ата мекендик товарлар коюлган. QazTrade Америка жана Орусия базарларында өз товарларын жарнамалоого жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков