Дүйнөлүк балеттин шедеври «Астана балет» сахнасында

Дүйнөлүк балеттин шедеври «Астана балет» сахнасында

Дүйнөлүк балеттин шедеври «Астана Балет»  сахнасында. Борбор калаанын искусство сүйүүчүлөрүнө заманбап бийдин чебери Иржи Килиандын «Падыша периштелери» балети тартууланды. Казак сахнасында 30 жылдан ашык убакыттан бери дүйнөлүк өндүрүш кайра жанданып жатат. Дүйнөнүн эң мыкты театр топтору чех балетмейстер-философунун мыкты чыгармасын сахналаштыруу менен ат салышат. Аны борбор калаанын сахнасына алып чыгууга белгилүү хореограф Стефан Жеромски чоң салым кошту. Профессионал эмгеги текке кетпегенин билдирди. Чет элдик адис жергиликтүү бийчи кыздар 8 түрдүү айымдын бири-бирине окшобогон образын сапаттуу алып чыгышканын айтат.

Стефан Жеромски, хореограф, иржи килиандын ассистенти:

– Кыздар менен бир ай иштедим. Алардын өнөрүнө суктандым. Абдан таасирдүү болду. Бул спектакль көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынат деп ишенем. Анткени бийлери абдан кооз. Ар бир соло, ар бир партия, ар бир ролдун өзүнүн мүнөзү бар. Бири гуманист болсо, экинчиси абдан татаалыраак. 33 жыл мурун бийлеген кыздардын стилин дал келтирүү керек болду. Албетте, ар кимдин өз көз карашына жараша бир аз башкача болот.

Александр Совосьянов, «Астана Балет» театрынын мүдүрү директоры:

– Бул премьера мындан бир жарым жыл мурун мерчемделген эле. Тилекке каршы, пандемиядан улам анын бет ачары бүгүнкү күнгө чейин жылдырууга туура келди. Андыктан аны чыдамсыздык менен күткөн көрүүчүлөргө жол тартып жатканына кубанычтабыз. Бул белгилүү хореограф Иржи Килиан менен биргелешкен долбоор. Узак эмгектин натыйжасы. Анын заманбап классикага айланган спектаклдерин коюу укугу эч бир театрга бериле бербейт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков