Silk Way Star долбоору өлкөлөр арасындагы маданий көпүрөгө айланды

Silk Way Star долбоору өлкөлөр арасындагы маданий көпүрөгө айланды

Достуктун, чыгармачылыктын жана шыктануунун мекени. Silk Way Star мега долбооруна катышуучулар менен калыстар тобунун сынак жөнүндөгү жалпы пикири дал ушуга багытталат. Ыр таймашы борбор калаанын сахнасында 12 өлкөнүн аткаруучуларынын башын бириктирди. Алар өнөр сүйүүчүлөрдүн назарына вокалдык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү менен катар, өз маданияттарын даңазалашат. Долбоордун алып баруучусу Шыңгыс Бейбит уулунун айтымында, шоуну тартууга даярдык жана анын тартылышы катуу жашыруун түрдө сакталат. Ар бир чыгарылышы үчүн атайын жасалган костюмдар менен видеолорду азырынча социалдык тармактарда жарыялоого болбойт. Көрүүчүлөр бардык кызыктарга сынактын бет ачар тартылышында гана күбө боло алышат.

Шыңгыс Бейбит уулу, Silk Way Star долбоорунун алып баруучусу:

- Сахнадагы атмосфераны сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Өтө таасирдүү. Албетте, сынак болгондуктан атаандаштык бар. Себеби ар бири эл үмүтүн актап, намысты колдон бербөөгө аракет кылат. Бирок бул сахнада гана, ал эми анын сыртында баары дос. Бири-бири менен жакшы мамиледе. Мен өзүмдү жумушта эмес, досторумдун арасында жүргөндөй сезем.

Малазиядан келген калыстар тобунун мүчөсү дагы ортодо достук маанайы өкүм сүргөн долбоордун жогорку деңгээлде уюштурулганын айтты. Ал бул Казакстандын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрө турган маданий иш-чара экенин белгиледи.

Дато Дания, Silk Way Star долбоорунун калыстар тобунун мүчөсү:

- Мен ар кандай өлкөлөрдүн элчилери менен жолугуштум. Алар менен «Silkway star» жана Казакстан тууралуу билгендеримди бөлүштүм. Бул жакка өз досторумду, үй-бүлөмдү чакырдым. Ошондой эле коңшулаш Азия өлкөлөрүнүн - Индонезия, Таиланд, Филиппин, Камбоджа, Сингапур өкүлдөрүн тартууга ниеттенүүдөмүн. Бул жердеги кереметтерди баары көрүшү керек. Быйыл Малазия АСЕАН саммитине төрагалык кылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков