Дүйнө тааныган казакстандык сүрөтчү

Дүйнө тааныган казакстандык сүрөтчү

Эбактан бери дүйнө тааныган казак искусствосу азыр да дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп келет. Бул көптөрдү өзүнө тартып турган уникалдуу техникалык стили гана эмес, ошондой эле сүрөт аркылуу жетүүгө боло турган дүйнөгө кайталангыс көрүнүш. Ата мекендик кылкалем чеберлери бул өзгөчөлүгү менен башкалардан алда канча алдыда. Буга дүйнө жүзүнө тараган көптөгөн эмгектер күбө. Көпчүлүгү кыраакы жеке коллекционерлердин колунда. Алардын айрымдары дүйнөлүк беделдүү музейлердин коллекцияларында сакталып турат. Суроо-талапка ээ казак сүрөтчүсү - Марат Бекеев. Анын эмгектеринин бири Лондондогу атактуу Christie’s аукционунда сатылган.

Марат Бекеев, сүрөтчү:

- Ал «Кыйын мезгил» деп аталган картина. Өлчөмү жагынан анчалык чоң чыгарма эмес. Жаңылбасам аны 2007-жылы түзгөм. Бул абдан кызыктуу идея болду. Өзүмдүн тынчсызданып жүргөнүмдү билдиргим келди. Анда кардын үстүндөгү канаттуулар, кулаган дарактар ​​тартылган. Бул тема менин чыгармачылыгымда көп айтылат. Ар бири менин жан дүйнөмдүн абалына жараша жаңыча жасалат. Мен дал ошол чыгарманы азыр кайра жаратып, башка өңүттөн көрсөтө алам.

Көркөм өнөр ээси Казакстанда профессионалдык тажрыйбасы мол сүрөтчүлөр көп экенин айтат. Ар биринин өзүнүн кайталангыс кол тамгасы, стили, айта турган ою бар. Анткен менен  алардын көбүнүн атайын кесиптик билими жок. Ал таланттан мурун талыкпаган эмгектин натыйжасы дейт көркөм сүрөт чебери. Анын айтымында, учурда улуу муундун жолун жолдоп, чыгармачылыгын улантып келе жаткан жаш сүрөтчүлөр көбөйүп келүүдө. Эң негизгиси, тажрыйбасын жакшыртып туруу керек дейт ал.

Марат Бекеев, сүрөтчү:

- Азыр көптөгөн жаш сүрөтчүлөр чыгып жатат. Уучубуз куру эмес. Жасап жаткан иштери канааттандыраарлык. Эң негизгиси чеберчилик арттыруудан чарчабоо керек. Сүрөтчү ар тараптуу болгону жакшы. Алардын максатына жетүү үчүн керектүү сапаттары, чыгармачылыкка болгон умтулуусу бар экенин байкоого болот. Бирок бул аздык кылат. Шыктандырган жана алдыга жетелеген нерсени табуу керек. Ошондуктан, мурда жасагандан да көп эмгектерге талпынуу кажет.  Азыркы учурда бир орунда турууга болбойт. Дайыма аракет кылып, тынымсыз изденип жүргөн жакшы. Бардык кесиптегидей эле талыкпай эмгектениш керек.

Бул жаатта айта кете турган нерсе, Марат Бекеевдин кезектеги жеке көргөзмөлөрү жакынкы аралыкта Түркия жана Азербайжанда уюштурулат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков