Казакстанда жакын арада автотранспортторду жана айыл чарба техникасы боюнча керекке жаратуу алымынын жаңы тарифтери белгилүү болот. Бул тарифтердин баасы Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги тарабынан коомдук талкуудан жана жактырылгандан кийин гана бекитилет. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев парламенттин пленардык жыйынында билдирди. Анын айтымында, төлөмдөрдүн тарифтерин кайра карап чыгуу боюнча атайын жумушчу топтор түзүлдү. Ал эми экинчи деңгээлдеги банктардын бардык активдери жана каражаттары «Жасыл Даму» башкармасына өткөрүлүп берилди. Министр бул система боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи. Азыркы учурда ал кайрадан ишке киргизилип, коммуналдык төлөмдөр жүргүзүлүүдө.
Сериккали Брекешев, Казакстандын Экология, геология жана табигый ресурстар министри:
- Биздин министрлик юридикалык бөлүмдүн, санариптик технологиялар жана бюджетти пландаштыруу департаментинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түздү. Алар «ӨКМ Оператору» кызматына ылайык каражаттардын киреше жана чыгашасын карап жатышат. Учурда экинчи деңгээлдеги банктардын эсебинде 220 миллиард теңге бар, анын бир бөлүгү улуттук валютада, калганы доллар менен сакталуу турат. Тиешелүү иштер жүрүп жатат, жакынкы аралыкта автоунаалардын жана айыл чарба техникаларынын коммуналдык төлөмдөрүнүн тарифин бекитебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков