К. Токаев: Казакстан Евразиядагы эң ири жана алдыңкы санариптик хабдардын бирине айланууну көздөйт

К. Токаев: Казакстан Евразиядагы эң ири жана алдыңкы санариптик хабдардын бирине айланууну көздөйт

Бул жаатта жакында 62 өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азияны туруктуу өнүктүрүү үчүн Казакстанда санариптик чечимдер борборун түзүү демилгесин бир добуштан колдоду. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Чет элдик инвесторлор кеңешинин 35-пленардык жыйынында билдирди. Жакынкы 10 жылда дүйнөдөгү өндүрүштүн жана кызматтардын 70 пайызы санариптик технологияларды колдоноору болжолдонууда. Ата мекендик IT адистери заманбап тенденциялардан четте калбайт. Санариптик интеллект индекси боюнча Казакстан санариптештирүү көрсөткүчү боюнча 20-орунда турат. Мамлекет башчынын айтымында, экономикалык өсүш тууралуу сөз кылып жатып, санга эле эмес, сапатка да көңүл бурулушу керек. Бул жаатта  Казакстандын негизги максаты – келечектин санариптик экономикасына өтүү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- 2022-жылы өлкөдө санариптештирүү тармагы 12 пайызга өстү. Ата мекендик санариптик өнүмдүн эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулап жатат. Өткөн жылы IT-өнүмдөрдүн жана кызматтардын экспорту 5 эсеге өсүп, 333 миллион долларды түздү. Биздин максат 2025-жылга чейин бул көрсөткүчтү 500 миллион долларга жеткирүү. Деген менен биз алдыга жылууга ниеттенип жатабыз.

Кеңештин кезектеги жыйынынан кийин мамлекет башчысы эл аралык каржы институттарынын жана ири компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Урматтуу коноктор менен өлкөдөгү мунай-газ долбоорлорун ишке ашыруу планы, “таза” энергия өндүрүүнү каржылоо, өнөктөштүк стратегиясы жана узак мөөнөттүү инвестицияга жетишүү сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков