Дүйнө климаттык апаат алдында турат

Дүйнө климаттык апаат алдында турат

Глобалдык жылуулуктун кесепеттери мурда болжолдонгондон да жаман болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кембридж университетинин серепчилери жетектеген эл аралык изилдөөчүлөр тобу билдирди. Окумуштуулар климаттын өзгөрүшүнүн адамзатка коркунуч туудурган эң пессимисттик сценарийлерин келтиришти. Алардын божомолу боюнча, келечектеги моделге ылайык, 2070-жылга карата эки миллиардга жакын адам жылдык орточо температурасы 29 даражадан жогору болгон чөйрөдө жашоого мажбур болот. Адистердин айтымында, температуранын тынымсыз көтөрүлүшүнөн башка көйгөйлөр болушу мүмкүн. Мисалы, аба ырайынын начардыгынан дүйнөдө белгисиз оорулар пайда болуп, айдоо аянттары азайып, куралдуу кагылышуулар тутанышы ыктымал.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков