Казакстанда «AI – Агроном» тиркемеси ишке киргизилди

Казакстанда «AI – Агроном» тиркемеси ишке киргизилди

Казакстанда «AI-Агроном» тиркемеси ишке киргизилди. Аны Түндүк Казакстан облусунун тургуну Ерболат Алпысбаев жасап чыккан. Система "ChatGPT"-ге окшош. Жасалма интеллект ачык булактардагы маалыматтарды иштеп, дандын сапатын, буудай түшүмдүүлүгүн, өсүмдүк илдетин, атүгүл аба ырайына болжол жасап, каалаган маалыматты бере алат. Бул санарип платформада эмгек биржасы да бар. Анан өзүнчө бөлөк соода аянты сыяктуу. Бул электрондук аянтта агроөндүрүштүк комплекстин өнүмдөрү менен тармакка керектүү техника, шаймандарды ортомчусуз сатып алууга болот. Ерболат Алпысбаев алдыдагы убакытта бул акылдуу системасын кеңейтип, мамлекеттик кызматтарды кошууну көздөйт. Азырынча өлкөдө мындай платформанын аналогу жок.

Ерболат Алпысбаев, Долбоордун автору:

- Бул тиркемени бир гана Казакстан эмес, айыл чарбасы жакшы өнүккөн КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да колдонсо дейм. Президент ар дайым санариптештирүү жана жасалма интеллектти киргизүү аркылуу экономиканы ар тараптуу жаңылоо керектигин баса белгилеп келет. Ошондуктан бул платформа биздин мамлекет үчүн абдан зарыл деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков