Касым-Жомат Токаев Улуттук банктын өткөн жылдагы отчетун кабыл
алды. Улуттук фонддун Казакстандагы активдери 60 миллиард долларга жетти. Өсүш
4 млрд эсебин түзүп, активдердин
кирешелүүлүгү 11% дан жогору болду. Акча-насыя институту инфляциянын басаңдашы жөнүндө
жарыялады. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, ал дээрлик 10% га жана базалык чен 14,75% га чейин төмөндөгөн. Депозиттерди
долларлаштыруу 26 жылдык минимумга жетти. Ошол эле учурда Улуттук банктын
алтын-валюта резервдери 36 млрд долларды түзгөн. Мындан тышкары, пенсиялык
активдердин жалпы көлөмү жана кирешеси жогорулады. Жалпы суммасы 17 триллион
теңгеден ашты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков