Казакстанда билим берүү гранттары сынагына катышуу үчүн арыздар кабыл алынууда

Казакстанда билим берүү гранттары сынагына катышуу үчүн арыздар кабыл алынууда

Өлкөдө билим берүү гранттарына сынакка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Абитуриенттер жогорку окуу жайлардын кабыл алуу комиссияларына документтерин egov электрондук платформасы аркылуу онлайн форматта жана салттуу түрдө оффлайн режиминде тапшыра алышат. ЖОЖдордун виртуалдык кабыл алуу комиссиясы да иштейт. Белгилей кетсек, мамлекеттин эсебинен акысыз билим алууга арыздар 24 саат бою кабыл алынат.

 

Саясат Нурбек, илим жана жогорку билим берүү министри:

 

Быйыл абитуриенттерге бардык мүмкүнчүлүктөрдү берип жатабыз. Башкача айтканда, абитуриент менен оффлайн режиминде, өзүңүздөр көрүп тургандай, бардык ЖОЖдор бүтүндөй калкка кызмат көрсөтүү борборунун модели менен бышыкталган. ЖРТнын веб-сайты аркылуу ошондой эле EGOV - мамлекеттик электрондук портал аркылуу тапшырса болот, виртуалдык комиссия аркылуу да тапшырса мүмкүнчүлүк бар. Башкача айтканда, алыскы, айыл жергесиндеги адамдар үчүн онлайн түрдө өздөрү EGOV аркылуу онлайн тапшырып же университеттердин виртуалдык комиссиясы атайын биздин колл-борборлорубуз даяр. Бул ишке биздин бардык мыкты кызматкерлер, тажрыйбалуу кабыл алуу комиссиясынын катчылары бул ишке кошулган. Суроолорду ректорат менен министрлик түздөн-түз көзөмөлдөп жатат. Бардык абитуриенттерге ийгилик.

 

Эскерте кетсек, быйыл жогорку жана жогорку окуу жайлардын бардык баскычтарында окууга 88 миң грант бөлүнгөн. Алардын 73 миңи бакалавриат, 13 миңден ашыгы магистратура, калганы докторантурага багытталган. Алардын басымдуу бөлүгү инженердик, кайра иштетүү, курулуш менен байланышкан кесиптерге багытталган. Мындан тышкары педагогика, табият таануу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, математика жана статистикага бөлүнгөн гранттардын саны басымдуулук кылат. Арыздар теке айынын 2не чейин кабыл алынат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков