Айсултан Сеитовдун «Каш» тасмасы Азия Тынч
океан кино сыйлыгынын «Мыкты тасма» жана «Мыкты оператордук иш» номинацияларына талапкер болду. Сыйлык тапшыруу аземи жетинин айынын 3дө
Австралиянын Голд-Кост жээгинде өтөт. Аталган сыйлык 2007-жылы түзүлгөн. Ал
Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү 70тен ашуун өлкөнүн жана аймактардын
кинорежиссерлорунун эмгегин чагылдырат. Жаш, бирок ансыз да дүйнөгө таанымал
казак режиссерунун тасмасы өткөн кылымдын 30-жылдарындагы массалык ачарчылыкты
баяндайт. Тасманын сюжети боюнча көр казуучу Исатай өз айылын сактап калуу үчүн
жөнөйт. Учу-кыйыры жок талаада айлана коркунучтуу түшкө айланып, Исатайдын
акылын мейкиндик менен ачкачылык башкара баштайт. Белгилей кетсек, тасма буга
чейин 25-Шанхай кинофестивалында «Мыкты режиссёр» номинациясында жеңүүчү болгон. Ал Казакстандын
киносынчылар ассоциациясынын төрт номинациясында: «Мыкты дебют», «Экинчи
пландагы мыкты актриса», «Мыкты музыка» жана «Мыкты фоторежиссер» деген башка тасмалардан
алдыга озуп чыккан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков