Бүгүн, чын куран айынын 12си космонавтика күнү. Казакстан үчүн бул маанилүү дата. 1961-жылы Байконурдан биринчи жолу адам космоско учкан. 30 жылдан кийин казакстандык тунгуч космонавт Токтар Аубакиров галактикалык мейкиндикти багындырды. Бул окуя республикада космос мейкиндигин изилдөө программасын ишке ашырууга негиз салды. «Эл баатыры» Токтар Аубакиров «Жаш жоокер» кыймылынын тарбиялануучулары менен жолугуп, космоско саякатка байланыштуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Токтар Аубакиров, Казакстандын эл баатыры, космонавт:
– Азыр мен бактылуумун. Анткени, өзгөчө бул курсанттар менен жолукканда алардын ички сезимдерин карасаңыздар өзгөчө, жөн эле сүрөткө түшкөндө алардын көздөрү жайнап турат. Алар ачылышат. Алар сендей болгусу келет. Бул патриоттук сезим.
Ерасыл Абикенов, «Жаш жоокер» КБ Нур-Султан шаардык филиалы төрагасынын орун басары:
– Окуучуларыбыз китепте жазылбаган тарыхты өз оозунан билиши үчүн Космонавтика күнүн утурлай Токтар Аубакиров менен жолугушуу уюштурдук. Андан сырткары, кичинекей космонавттарыбыз да Токтар Онгарбаевичтей учкуч болууну кыялдануусун кааладык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков