E-LICENSE порталында 9 мамлекеттик кызмат автоматташтырылды

E-LICENSE порталында 9 мамлекеттик кызмат автоматташтырылды

Автоматташтыруу жана оптималдаштыруу. Эми e-licensе порталында 9 бирдей мамлекеттик кызматты автоматтык түрдө алууга болот. Алардын арасында курулуш объектилерине комплекстүү экспертиза өткөрүүгө уруксат да бар. Улуттук маалыматтык технологиялар кызматты мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүгө аракет кылышкан. Талдоочулук кызматтар онлайн форматта көрсөтүлөт. Муну менен катар, эми нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү же тастыктоочу документтердин түп нускасын сунуштабай эле койсо болот. Белгилей кетсек, бардык бизнес кызматтары акысыз көрсөтүлөт.

Арай Оразова, Улуттук маалыматтык технологиялар башкарма төрагасынын орун басары:

- Бул Улуттук маалыматтык технологиялар АК, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана мамлекеттик органдардын биргелешкен ишинин натыйжасында мүмкүн болду. Мисалы, бул кызматты алуу үчүн 30 күн көрсөтүлсө, учурда e-license порталы аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде онлайн-арызды толтуруп, ага электрондук кол тамга менен кол коюу аркылуу алууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков