Баатыр бабалардын сөөгү мекенине кайтарылды

Баатыр бабалардын сөөгү мекенине кайтарылды

Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон казакстандык жоокерлердин сөөктөрү өлкөгө Орусиядан алынып келинди. Жоокерлердин үчөө тең согуш талаасында курман болгон. Кисым Адиев - азыркы Атырау, Силан Маметов - Кызылорда, Кадырбек Даулеткулов – Жамбыл облусунун тургундары. Мекен үчүн курман болгон эр жүрөк ата-бабалардын сөөгү туулган жеринде урмат-сый менен коюлат. Жалпысынан орусиялык кесиптештер менен биргелешип 19 жоокердин сөөгү табылды.

Мурат Молдагалиев, «Atamnyn amanaty» коомдук бирикмесинин башкарма төрагасы:
- Мамлекет бул ишке чоң колдоо көрсөтүүдө. Тилекке каршы, каза болгон жоокерлердин жакындары табылбай калган учурлар болот. Мисалы, 4 жоокер бабалардын жакындарын таба алган жокпуз. Аларды туулуп-өскөн жерине көмүүнү облустук акимчиликтер өз мойнуна алды. Башкача айтканда, бардык салтанаттуу иш-чаралар мамлекеттин күчү менен өткөрүлөт.

Маселен, Жамбыл облусунда туулган Кадырбек Даулеткулов чек арачы болуп аскерге чакырылган. Ал эми 1943-жылы Курск салгылашында баатырларча курман болгон.

Ернур наметкул:
- Ал кишинин сөөгү табылганы тууралуу кабарды мындан бир ай мурун энебизге «Атамдын аманаты» коомдук бирикмеси угузган. Ал киши 1941-жылы майданга аттанган. Үйлөнүүгө жетишкен эмес. Үй-бүлөсү, балдары жок. Мен ал кишинин агасынын чөбөрөсү болом.

Которгон: Илгиз Жамалбеков