Казакстанда «Digital Bridge 2023» эл аралык форуму өтөт

Казакстанда «Digital Bridge 2023» эл аралык форуму өтөт

Санариптик индустриянын алдыңкы технологиялары кайрадан Астанада топтолот. Тогуздун айынын 12си 13ү күндөрү Казакстанда бешинчи эл аралык Digital Bridge форуму өтөт. Быйылкы иш-чара жасалма интеллект тармагындагы адамдар менен технологиянын өз ара аракеттенүүсү темасына арналат. Салтка айланган форумдун масштабы жылдан-жылга кеңейүүдө.  Жыйынга дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн жүздөгөн спикерлер, инвесторлор, бизнес-өкүлдөр чогулуп, эң мыкты стартап долбоорлору көрсөтүлөт. Эл аралык уюмдар менен бир катар меморандумдарга жана келишимдерге кол коюу пландалууда. Адаттагыдай эле форумдун программасы түрдүү окуяларга бай болот.

Алина Абдрахманова, Astana Hub башкаруучу мүдүрү:
-Мамлекет башчысынын катышуусу менен өтө турган пленардык жыйын жана аны менен жеке жолугушуулар уюштурулат. 30дан ашык эл аралык баяндамачылар менен панелдик сессиялар, келишимдерге кол коюу, Google for Startups иш-чаралары, Digital Bridge Wards стартап аллеясы, Astana hub battle, стартаптар жөнүндө реалити-шоу эпизодун тартуу иш-чаралары каралган. Мындан тышкары, салттуу түрдө бир катар көргөзмөлөр, корпорациялар, робототехника жана IT мектептери, аймактык IT түйүндөрдүн жана ири IT-компаниялардын көргөзмөлөрү, бош орундардын жарманкелери уюштурулат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков