Чет өлкөлөрдөгү казактардын тарыхы изилденет

Чет өлкөлөрдөгү казактардын тарыхы изилденет

Чет өлкөлөрдөгү казактардын тарыхы изилденет. Долбоорду колго алган «Мекендештер» фонду 14 мамлекетте изилдөө иштерин жүргүзүүнү мерчемдеп жатат. Бул тууралуу борбор калаада фонддун алдындагы коомдук комиссиянын жыйынында айтылды. Жолугушууда дүйнөнүн 40 өлкөсүндөгү казак маданий борборлорун колдоо чараларын күчөтүү каралууда. Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө чет өлкөлөрдөгү казак тилдүү маалымат каражаттарын колдоо маселеси дагы көтөрүлдү.

Магауия Сарбасов, «Мекендештер фонду» КЕАК вице-президенти:

- Учурда чет өлкөлөрдө 200дөн ашуун улуттук - маданий борборлор иштейт. Биз азыр аларды колдоо маселесин карап жатабыз. Мисалы, өткөн жылы Абайдын 175 жылдыгын өткөрүү болсо, быйыл дагы ушул сыяктуу иш-чаралар уюштурулат. Бул билим берүү долбоорлору, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер үчүн атайын квоталар. Үчүнчү маселе – чет элдеги казак тилдүү маалымат каражаттарынын маалымат таратуусу. Биздин маалыматтар боюнча, учурда чет өлкөлөрдө 90го жакын казак тилдүү маалымат каражатты бар. Мына азыр биз Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлигинин колдоосу жана «Хабар» телеканалы менен биргеликте ЖМК өкүлдөрү менен иштешкени жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков