Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Казакстанга 14,5 миллиард доллар түз чет элдик инвестиция тартылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 28%ды түздү. Инвестиция агымынын басымдуу бөлүгү Нидерланды, АКШ, Швейцария, Бельгия, Орусия, Сингапур, Кытай, Түштүк Корея, Франция жана Улуу Британияга туура келет. Жалпысынан жылдын аягына чейин өлкөнүн экономикасына сырттан салынган каражаттын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү мерчемделген. Өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров атайын маалымат жыйынында өлкөнүн учурдагы инвестициялык абалы жана дарамети менен бөлүштү. Анын айтымында, жакынкы 7 жылда 150 миллиард доллардан кем эмес чет элдик капиталды тартуу максаты коюлган. Казакстанда дараметтүү инвесторлорду табуу боюнча комплекстүү чаралар колго алынып жатат. Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча эле 3 миңден ашык жаңы чет элдик компаниялар изилденип, ар кандай деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Алмас Айдаров, Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары:
- Натыйжада борбордук деңгээлде 2700гө жакын бетме-бет жолугушуулар өткөрүлдү. Башкача айтканда, өлкөнүн бардык тармактык министрликтери аларга тиешелүү долбоорлор боюнча жыйындарды уюштурушкан. Андан соң Казакстандын аймагында бизнесин кеңейтүүгө кызыкдар болгон инвесторлор менен жолугушуулар болду. Ал жерде инвесторлор менен сөздөн ишке өтүү боюнча конкреттүү келишимдер түзүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тиешелүү долбоордун аткарылышынын жүрүшү талкууланат. Анын жыйынтыгы боюнча жыл аягына чейин кеминде 40 долбоор ишке ашат. Азыркы маалда 36 демилге пайдаланууга берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков