Быйыл Нур-Султан шаарына 1 триллион теңгеден ашык инвестиция тартылды. Анын 80%дан ашыгы жеке инвестиция, калганы мамлекеттик бюджеттин каражаттары. Бул тууралуу борбор калаанын инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгы билдирди. Жылдын жыйынтыгы боюнча шаарда өнөр жай өнүмүнүн көлөмү 14 пайызга өстү. Чекене соодада да оң жылыштар байкалып, былтыркыга салыштырмалуу 7,7% жогорулаган. Карантиндик чектөөлөргө карабастан, иштеп жаткан чакан жана орто бизнестин саны 161 миңден ашты. Бул өз кезегинде ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнө алып келет.
Жанболат Какишев, Astana Invest башкарма төрагасы:
- Биз Казакстанда негизги капиталга инвестиция тартуу боюнча экинчи орундабыз. Биринчи орун мунай-газ тармагы жигердүү өнүгүп жаткан Атырау облусуна таандык. Ал эми мунай эмес секторду ала турган болсок, анда борбор шаар Нур-Султан биринчи орунда турат. Бул тармакка 11 айда 893 миллиард теңге инвестиция тартылган. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Муну менен катар, биз чакан жана орто бизнестин региондук дүң өнүмүндөгү үлүшү боюнча лидербиз. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында биз бул багытта алдыңкы шаарлардын деңгээлиндеги 74%дык көрсөткүчкө жеттик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков