«Алтын адам» анимациялык тасмасы көрүүчүлөргө сунушталат

«Алтын адам» анимациялык тасмасы көрүүчүлөргө сунушталат

Быйыл толук метраждуу «Алтын адам» анимациялык тасмасы калың катмарга жол тартат. Ал Казакстандын кинотеатрларында көрсөтүлөт. Тасманын режиссерлору бардык курактагы көрүүчүлөр байыркы сак уламыштарынын кереметтүү дүйнөсүнө саякатка чыгат деп ырасташат. Экшн жана фантазия жанрында түзүлгөн бул анимациялык чыгарма эр жүрөк сак жоокеринин окуясын баяндайт. Ал өмүр отунун сырын табуу үчүн Хан Теңири чокусуна кооптуу сапарга аттанат. Мультфильм 2D форматта түзүлгөн. Бул байыркы доордун жандуу жана таасирдүү атмосферасын жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, ошол замандын ташка чегерилген сүрөттөрү менен архитектуралык өнөрүнүн элементтери чагылдырылган. Белгилей кетсек, бул окуянын келип чыгышы Есик дөбөсүнөн табылган уникалдуу археологиялык экспонат-  Алтын адам.


Түрдыбек Майдан, режиссер, сценарист:


- Өсүп келе жаткан муунга бул «Алтын адамдын алтын соотун кандай адам кийди экен» деген суроо туулат. Менимче, биз бул суроого аталган тасмада жооп бердик. «Алтын адам» сооту жалтырак алтын менен капталып, күмүш менен кооздолгону үчүн гана, ал Алтын адам болгон эмес. Анын жан дүйнөсү алтын болсо керек. «Алтын адам» - бул акылга толгон, кайраттуулукка ээ жана өлкө үчүн, жер үчүн эмгектенген  чыныгы «Алтын адам». Мындай тушүнүктү ушул тасмада балдардын аң сезимине сиңирүү максатында чагылдырдык. 


Тилек Тилеугазы, режиссер:


- Толук метраждуу «Алтын адам» анимациялык тасмасында Сак доорунун сак падышасынын ханзаадасы Аңкыл деген каарманынын башынан өткөргөн окуялары баяндалат. Ал өзүнүн досторун ээрчитип, узак сапарга чыгат. Саякаттын максаты-өз өлкөсүн, жерин кулчулуктун эзүүсүнөн куткаруу. Алар башынан көптөгөн кызыктуу окуяларды өткөрүп, соңунда Көк Теңирине жолугуп, кудайынан белек катары Алтын жебе алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков