Чет элдеги казак жаштары мамлекеттик тилди онлайн окушат

Чет элдеги казак жаштары мамлекеттик тилди онлайн окушат

Чет жердеги мекендештер үчүн казак тилин окутуу боюнча атайын окуу куралы түзүлөт. Ал ушул жылдын аягына чейин чыгарылат. Бул тууралуу «Отандастар» фондусунун вице-президенти Магауия Сарбасов Борбордук коммуникация кызматында өткөн брифингинде билдирди. Анын айтымында, жаңы универсалдуу усул чет өлкөлөрдөгү казак жамааттарын окутуу максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, учурда дүйнөнүн 12 өлкөсүндө мамлекеттик тилди акысыз окутуу боюнча 31 онлайн-класс ачылды. Алардын бардыгы заманбап билим берүү шаймандары менен жабдылган. Жыл башынан бери 350гө жакын сабак аралыктан өткөрүлүп, 900дөн ашык окуучу казак тилин жетик билгендиги тууралуу аныктама алышты. Магауия Сарбасовдун айтымында, мекендештерди Казакстандын ЖОЖдоруна тартуу иштери жолго коюлган.

Магауия Сарбасов, НАО «Отандастар Фондусунун» вице-президенти:

- Акыркы 3 жылда даярдоо топтору үчүн 3500 грант бөлүнгөн. Алардын 90% өздөштүрүлдү. Мамлекеттик квотанын алкагында акыркы 5 жыл аралыгында 3645 мекендешибиз УБТдан босого балл алып, жогорку окуу жайларына тапшырышты. Бардык чет элдик студенттер, башкача айтканда, мекендештерибиз жатакана менен толук камсыздалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков