БШК Мажилис шайлоосунун соңку жыйынтыгын жарыялады

БШК Мажилис шайлоосунун соңку жыйынтыгын жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү палата депутаттарын кезексиз шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарды. Шайлоочулардын жарымынан көбү, башкача айтканда, 54%га жакыны Аманат партиясына ишеним көрсөттү. Ал эми Айыл Элдик демократиялык партиясын 10%дан ашуун жарандар тандаган. Ак жол Казакстандын Демократиялык партиясы менен Республика партияларынын ар бири 9%га жакын добуш жыйнады. Казакстандын Элдик партиясы 6,8%, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы 5%дан ашуун добуш алды. Байтак жашыл партиясы саясий жарышта 5 пайыздык чектен өтө алган жок. Шайлоочулардын 4%га жакыны Мен баарына каршымын графасын тандашкан.

Нурлан Абдиров, БШК төрагасы:

- Ошентип, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттык мандаттар саясий партияларга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: “Ак жол” Казакстандын Демократиялык партиясына – 6; “Аманат” партиясына — 40; “Айыл” элдик демократиялык партиясына – 8; Улуттук социал-демократиялык партиясына — 4; Казакстан Элдик партиясына — 5; ал эми "Республика" партиясына - 6 мандат  тийди.

Эскерте кетсек, шайлоо жараяны 81 миңден ашуун улуттук байкоочулардын тыкыр көз салуусунда өттү. Кошумчалай кетсек, Казакстандагы шайлоого бүт дүйнө көз салып турду. Ага эл аралык уюмдардан 793 байкоочу көз салышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков