Казакстан геймердин көзү менен.
2024-жылы бир катар ата мекендик видео оюн эл аралык платформаларда пайда
болот. Дүйнөлүк долбоорлор өлкөнүн тарыхын таанытууга багытталган. Көбү казак
элинин салт-санаасынан кабар берет. Алардын бири элдик уламыштарга негизделген.
Аида Куат кызы, долбоор
авторлорунун бири:
- Бул долбоор "Из" деп
аталат. Анда Баян аттуу кыз тууралуу баяндалат. Ал казактын улуттук фольклоруна
же мифологиясына байланыштуу. Мисалы, бизде "Жезтырнак" же "Жез
кемпир" деген каармандар бар. Биздин максат – бул мифологияны бүт дүйнө
тааныгыдай кылып жайылтуу.
Борбор калаада "IT
FEST" инновациялык идеялар фестивалынын алкагында түрдүү тармактардагы
маалыматтык технологиялар сунушталды. Негизинен казакстандык окуучулар менен
студент стартапчылардын эмгектери тааныштырылды. Киберспорт, спорттук багыттын
мыктылары аныкталат. Жаш IT адистерине тармактын алдыңкы технологиялары
тааныштырылып, тажрыйбалуу серепчилер чеберчилик сабактарын уюштурат.
Аскар Хикметов, Эл аралык
маалыматтык технологиялар университетинин ректору:
- Быйыл катышуучулардын чөйрөсү кыйла
кеңейди. Бул иш-чарага катышкан жогорку окуу жайлардын саны менен ар кайсы
курактагы катышуучулардын катары көбөйгөнүн байкоого болот. Бул жолу фестиваль
8 секцияга бөлүндү. Алардын экөө быйыл биринчи жолу сунушталып жатат. Жаңы болуп
робототехника жана киберспорт кошулду. Анда мурда болбогон чечимдер каралат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков