Казакстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинин алдын алынды. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, согушкерлердин максаты борборду жана резиденцияны басып алуу болгон. Бирок бейпилдик күчтөр келгенден кийин кылмышкерлер Акордону басып алуу планынан баш тартышкан. Белгилей кетсек, онлайн режиминде өткөн сессиянын ачылышы бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. ЖККУга мүчө мамлекеттердин жетекчилери курман болгондорду эскеришти.
Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө үчтүн айындагы окуяны чыныгы террордук согуш деп атады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Муну чабуулдук аракеттер далилдеп турат, мен облустук бийликтердин, укук коргоо органдарынын имараттарына, СИЗОлорго, стратегиялык объекттерге, банктарга, телемунарага жана телеканалдарга жасалган уюшкан чабуулдарды баса белгилейм. Аэропорттор басып алынган, автожолдор жана темир жолдор, тез жардам жана өрт өчүрүүчүлөрүнүн унаалары тосулган. Аскер бөлүктөрүнө жана армиянын постторуна чабуул коюу учурунда бандиттик топтор курал-жарактарды жана согуштук техниканы тартып алууга аракеттеништи. Алматыда жана башка шаарларда чыныгы салгылашуулар жүрүп жатты. Маселен, Алматы шаарындагы ички иштер башкармасынын же имаратынын айланасындагы кагылушуу эки түнгө созулду. Полиция террордук чабуулдардын мизин кайтарды.
Президенттин айтымында, бандиттер өтө ырайымсыз аракеттерди жасашкан. Бул жакшы даярдалган адистердин, анын ичинде мылтык менен снайперлердин чабуулу экенин баса белгиледи. Жалпысынан агрессия бир убакта 11 облусту камтып, негизги сокку Алматыга багытталган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстандын күч түзүмдөрү кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, кыска мөөнөттө мобилизацияланып, чабуулчулардын мизин кайтара алышты. Мен Казакстанга каршы агрессияга террористтердин, анын ичинде чет элдик согушчандардын түздөн-түз катышуусу жөнүндө ишенимдүү айта алам. Казакстан ЖККУга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул абдан өз убагында көрүлгөн кадам болду.
Ал эми Орусия Федерациясынын башчысы Владимир Путиндин айтымында, ЖККУнун күчтөрү кырдаал толук турукташканга чейин Казакстанда кала берет. Ал белгилегендей, бейпилдик күчтөрү Казакстандагы кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө мүмкүндүк берди.
Владимир Путин, Орусия Федерациясынын президенти:
- Саналуу сааттарда Казакстандын мамлекеттик бийлиги ички кырдаалдын толук бузулушуна жол бербөө үчүн террористтерге, кылмышкерлерге, талоончуларга жана башкаларга каршы тура алганын айта кетүү керек. Казакстандын президенти буга чейин мага телефондук сүйлөшүүлөрүбүздө айткан, элдер өлкө башчысына телефон чалып, бандиттерден жана террористтерден коргоону суранып, талап кылып жатышканын билдирген. Боордош казак элине жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен кадамдар мүмкүн болушунча тезирээк макулдашылды.
Белгилей кетсек, республикага эки миңден ашык аскер кызматкерлери жана 250 даана техника келген. ЖККУ өзүнүн актуалдуулугун жана ыйгарым укуктарын дагы бир жолу далилдеди. Мүчө мамлекеттер мындан аркы кызматташуунун деңгээлин жогорулатууну көздөшүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков