Чет өлкөдөгү казактар жана казак тилин үйрөнүүнү каалаган чет элдиктер үчүн акысыз онлайн курстар аяк оона айында кайрадан ачылды. Аталган долбоор 2019-жылы “Мекендештер” фондунун колдоосу менен башталган. Бул аралыкта 300гө жакын жаран тилди билүү боюнча сертификат алды. Фонддун өкүлүнүн айтымында, онлайн курстарга жазылгандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Маселен, быйылкы жылы курска 900гө жакын чет элдик жана кызыгуучулук билдирген башка улуттардын өкүлдөрү арыз беришкен. Белгилей кетсек, учурда казак тили англис, орус, түрк, фарсы тилдүүлөр үчүн окутулууда.
Еңлик Бердирахманова, «Мекендештер» фондунун чет элдеги кандаштарды колдоо департаментинин менеджери
- Алардын баары A1, A2, B1 деңгээлдеринде өткөрүлөт. Биздин катышуучулар негизинен Орусия, Түркия, Европа жана Америкадан келгендер. Өзүнчө дагы бир группа Димаштын кумирлеринен турат. Бардык курстардын өзгөчөлүгү ар бир өлкөнүн убактысына ылайыкталып жасалган. Эми балдар үчүн ар кандай чыгармачылык сынактар өткөрүлүүдө. Мындан тышкары, алдыдагы убакытта “Достар аянты” долбоору ишке кирет. Бул тууралуу кеңири маалымат “Мекендештер” фондунун социалдык тармактарында жана сайттарында жарыяланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков