Казакстандагы эмгек акысы эң жогорку адистиктер

Казакстандагы эмгек акысы эң жогорку адистиктер

Үн режиссерлору, гуманитардык тармактагы университет окутуучулары, инженердин жардамчылары, инвестициялык долбоорлор боюнча мүдүрлөр. Булар - Казакстандагы эң көп акы төлөнгөн адистик ээлери. Мындай маалыматты республиканын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Министрлик жарым жыл ичинде электрондук биржага түшкөн статистикалык маалыматтарды талдап чыккан. Ошондой эле, эң жогорку акы төлөнүүчү адистер - риэлторлор, башкы куруучулар жана объективдүү башкаруу боюнча инженерлер болуп эсептелет. Мамлекетте жыл башына салыштырганда бош орундардын саны эки эсеге өстү. Ал эми жумуш издегендердин арасында жигердүүлүктүн төмөндөөсү байкалат. Ошентип резюмелердин саны 70 миңден 59 миңге чейин кыскарды. Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борборунун маалыматына ылайык, бош орундардын саны боюнча Актөбө жана Жамбыл облустары алдыда. Сунуштардын басымдуу бөлүгү агроөнөр жай комплексиндеги, курулуш жана билим берүү тармагындагы ишканалардан түшкөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков