Чарын капчыгайы туристтер үчүн мурдагыдан дагы жагымдуу болот. Жакынкы арада саякатчылар үчүн жаңы инфраструктура пайда болот. Мисалы, саякатчылар каньондун түнкү көрүнүшүн көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Таштар жана жалгыз аяк жолдор жарыктандырылып турат. Бүгүнкү күндө мында жабдылган мониторинг станциялары, маалымат стенддери жана метеорологиялык станциялар орнотулган.
Жанибек Алкеев, Экотуризмди өнүктүрүү долбоорунун жетекчиси:
- Негизги максатыбыз туризмди өнүктүрүү менен экологияга зыян келтирбөө. Ошондуктан биздин өнөктөштөр катары география, маданият, тарых сыяктуу түрдүү тармактардагы адистер чогулган. Бул түрдүү илимий коомчулуктардан турган Qazaq Geography бирикмеси. Ошентип, биз дүйнөлүк тажрыйбаны изилдеп, чогултканыбызды изилдеп, күчтөрдү бириктирүү менен курчаган айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөнүн жолдорун карап жатабыз.
Жасулан Махмут, гид
- Жайкысын Чарын капчыгайы абдан ысык болот. Абанын температурасы +40, +45ке чейин жетет. Ошондуктан баш оона айынан бери бул жерге орундуктар орнотула баштады. Ар 500 метрде орундуктар бар. Ошол орундуктардын жанында сууну тартып турган атайын фильтри бар түтүктөр коюлган.
Ошондой эле, жакынкы келечекте мында бир нече жаңы жөө жүрүш маршруттары пайда болот. Азырынча мындай каттамдар «Коргондор өрөөнүнүн» четинде жана ичинде гана бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков