«Central Asia Gateway» виртуалдык соода маалыматтык хабы дүйнөдө эң мыкты деп таанылды. Портал ушул жылдын бугу айында ишке кирген. Бул убакыт аралыгында бирдиктүү санариптик платформаны колдонуучулардын саны 195 миңге жетти. Бүгүнкү күндө ал Борбордук Азиядагы 280 соода агымын камтыйт. Портал Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Ready4Trade долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, улуттук веб-сайттардагы маалыматтарды бириктирген онлайн-портал аймактар аралык сооданы жеңилдетүү максатында түзүлгөн. Анын аркасында ишкерлер транс чек аралык соода талаптары боюнча маалымат алып, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү импорт, экспорт жана транзит эрежелери, жол-жоболору тууралуу биле алышат.
Нурлан Кулбатыров,
«QazTrade» соода саясатын өнүктүрүү борбору АК башкы мүдүрүнүн орун басары:
- Central Asia
Gateway демилгеси ишке кошулду. Башкача айтканда, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн 5
маалыматтык порталы бир аянтчага бириктирилген. Мисалы, казакстандык ундун экспортун
ала турган болсок, Өзбекстан үчүн бул импорт. Ал «эшиктен эшикке» деп аталат. Бул
жерде бардык кадамдар, экспорттоо жана импорттоо процедуралары толугу менен чагылдырылган.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк соода уюмунун келишиминин алкагында Борбордук Азиянын
бардык өлкөлөрүндө соода маалыматынын ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү
боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.
Алдыдагы
убакытта Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн соода процедураларын жеңилдетүүгө
арналган бирдиктүү платформанын функционалдуулугу кеңейтилет. Анын ичинде товар
өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү да бар. Ал
сооданын жана инвестициянын мындан ары өсүшүнө өбөлгө түзөт. Жалпысынан, адистердин
баалоосу боюнча, акыркы 5 жылда
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактар аралык товар жүгүртүүсү 80%га өсүп, 10
миллиард доллардан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков