Жыгач уста эко-идиштерди даярдоодо

Жыгач уста эко-идиштерди даярдоодо

Улуттук стилдеги үй буюмдары жана салттуу технологиялар. Караганды облусунун кол өнөрчүсү Акжол Журтыбай жыгачтан эко идиш жана эмерек жасоо менен алектенет. Аларды казак оюмдары менен кооздойт. 26 жаштагы устанын айтымында, ага талант чоң атасынан өткөн. Ал эми Акжол тоо-кенчи кесибинин ээси экендигине карабай сүйгөн иши менен алектенүүнү туура көргөн.

Акжол Журтыбай, жыгач уста:

- Азыр бир табак 3-4 саатта жасалат. Ырас, машинага рахмат. Кол менен жасалса, иш 2-3 күнгө созулат. Тамак ичкен идишке тал менен кайыңды, эмерекке карагайды колдоном. Ийне жалбырактуу дарактардан идиш жасай албайсыз, анткени алар чайыр бөлүп чыгарат.

Кымыз ачыткан идиш – туташ технологияны талап кылат. Бул ичимдиктин сапатына тикелей таасир этет. Контейнер катуу жыгачтан жасалат жана шакекчелер менен бекитилет. Бээнин сүтүндөгү тоют жытын кетирүү үчүн идиш кайыңдын кабыгы же жалбыздын түтүнү менен ышталат.

Куатбек Байжуманов, Каркаралинск шаарынын тургуну:

- Анын буюмдары кооз гана эмес, сапаты да жогору. Маселен, чарбада Акжол жасаган 70 литрлик идишти мен жеке өзүм колдонгом. Казактын оригиналдуу үй буюмдарын жасаган усталарыбыз бар экенине кубанычтамын.

Жаш уста өзүнүн брендин түзүүнү пландоодо. Келечекте улуттук буюмдарды саткан дүкөн ачуу кыялы бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков