Турак жай курулушунун аманат системасы Казакстандагы
ипотекалык насыялоо рыногунун негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Ал
«Отбасы банкынан» 10 насыянын
9ун берген. Бул тууралуу ranking.kz адистери билдирди. Аналитикалык порталдын маалыматы боюнча,
үстүбүздөгү жылдын беш айында казакстандыктар турак жай сатып алууга жалпы
суммасы 559 миллиард теңге насыя алышкан. Анын 70%ы банк тарабынан берилген насыяга туура келген. 65%ы аларга турак жай
курулуш аманат системасы боюнча берилген насыялар. Жалпысынан өткөн жылы аталган тармак боюнча берилген кредиттердин
көлөмү дээрлик 2 триллион теңгени түздү. Жалпысынан быйылкы жылдын бугу айына карата Казакстанда
ипотекалык насыялардын жалпы
портфели 4,8 триллион теңгеге жеткен.
Которгон: Илгиз Жамлабеков