Ал стереотиптерди бузуп, социалдык жана маданий
тоскоолдуктарды жеңет. Бардыгы талыкпаган эмгектин жана туруктуулуктун
аркасында. Казакстанда көкпарчы кыз Ева Жигалина тууралуу даректүү тасма
тартылды. Каарман кыз 6 жашында ат үстүнө отуруп, 15 жашында казактын улуттук
оюнуна кызыгып калган.
Тасмада бала кезинен эле талаа цивилизациясынын духун
сиңирген, сүйгөн иши менен алектенүү укугу үчүн күрөшкөн кыз тууралуу
баяндалат. Документалдуу драманын режиссёру Темирбек Аманжол «Ева.
Батыр кыз” чыгармасында көкпарда жана ат менен иштөөдө эмне кызык экенин
көрсөткүсү келген. Тасма тартуучу топ бул тасманын эл аралык чоң
потенциалы бар экенине ишенет. Учурда тасманы чет өлкөдө жайылтуу боюнча
бир нече чет элдик стриминг кызматтары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков