Казакстанда газга кошулуу үчүн электрондук соода аянтчасы киргизилет

Казакстанда газга кошулуу үчүн электрондук соода аянтчасы киргизилет

Бул үчүн электрондук соода аянтчасын киргизүү пландалып жатканын энергетика министри Болат Акчулаков өкмөттүн жыйынында билдирди. Системада кардарлар кызматтардын баасын жана рейтингин айырмалап, монтаждоо уюмдарын жана жабдууларды жектирүүчүлөрдү тандай алышат. Министрдин айтымында, быйыл өлкөнү газдаштыруунун деңгээлин 60%га жеткирүү мерчемделген. Жылдык керектөө 20 миллиард куб метрди түзөрү күтүлүүдө. Жыл аягына чейин 76 долбоор ишке ашырылып, натыйжада көгүлтүр отун 160 миң калкы бар 55 конушка жетет. Учурда анын пайдасын 1,6 миллион казакстандык көрүп жатат. Өлкөдө керектөөнүн көлөмү көбөйгөндүктөн, газ ташуу системасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылган.

Болат Акчулаков, энергетика министри:

- Бул өткөрүү кубаттуулугу жылына 5,8 миллиард метр куб «Бейнеу — Жанаөзен» магистралдык газ куурунун 2-чынжырын курулушу; кубаттуулугу жылына 13,1 миллиард кубометрди түзгөн «Макат-Түндүк Кавказ» магистралдык газ түтүгүн куруу; баасы 96 миллиард доллар болгон Алматы шаарындагы 2 жана 3-жылуулук-энергетикалык борборлорду газдаштыруу боюнча инфраструктуралык долбоорлор.  Ошондой эле, быйыл бюджеттик каражаттардын эсебинен жалпы чыгымы 75 миллиардды түзгөн «Жаңаөзен-Актау» магистралдык газ түтүгүнүн 4-чынжырын жана Актөбө шаарында 3-чынжырынын курулушу башталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков