Бурабай улуттук паркындагы PikeMan жана Aqbura Bay Trail-2 мелдеши

Бурабай улуттук паркындагы PikeMan жана Aqbura Bay Trail-2 мелдеши

Бурабай улуттук паркында эл аралык масштабдагы спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Эки күн – тагыраагы теке айынын 30 жана 31- күндөрү 12 өлкөнүн өкүлдөрү ачык сууда сүзүү жана чуркоо боюнча мелдештерге катышты. Мындан тышкары, көлгө сүзүү үйрөнчүк балдар  жана тажрыйбалуу сууда сүзүүчүлөр үчүн да уюштурулган. Биринчисинин аралыгы бир километр болсо, экинчиси 4 эсе көп.

Анастасия Тукмачева, спорт блогери:

- Мага сууда сүзүү жагат, анткени бул жердеги суу абдан ыңгайлуу, көл таза экен. Мен Казакстанга биринчи жолу келдим, андыктан саякат жана спорттук иш-чара, жумушту ырахат менен айкалыштырууга  жакшы өбөлгө болду.

Эл аралык чуркоо жарыш ассоциациясынын реестрине кирген Aqburabaytrail-2 багыты эки дистанцияны 12 жана 35 чакырымды басып өттү. Ага жети жүзгө жакын күлүктөр катышты

 Юлия Фернас, жарыштын катышуучусу:

- Бурабай сыяктуу курорттук жер тууралуу билип, мен дароо катышууну чечтим. Мүмкүн болгондордун баарын чогулттум, ал жакка жетүү оңой болбосо да, биз ырахат менен жетип келдик, баары катышып, абдан кубанычта болушту.

«Казак туризм» компаниясынын өкүлдөрү мындай эл аралык иш-чаралар өлкөнү жана анын имиджин таанытуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк экендигин айтышат.

 Даниель Сержанулы,  «Kazakh Torism» АК Улуттук компаниясынын башкаруучу мүдүрү:

- Бул жерде эл аралык катышуучулардын курамы кызыктырды. Мелдештердин айрым этаптарын кооз жерлерибизде өткөрүп, бир жагынан туристтерди тартабыз, экинчи жагынан өз багытыбызды жарнамалайбыз.

Павел Тенцер, иш-чаранын уюштуруучусу:

- KazakhTorism, QazaqGeography чоң колдоо көрсөттү.  Биз мындай иштер аркылуу көпчүлүктү жаратылышты коргоого, табигатты булгабоого үндөйбүз. Иш-чаранын ушундай ажайып кооз аймактардын биринде өткөнү мыкты болду.

Белгилей кетсек, бул спорттук иш-чарага минден ашык адам катышты.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков