Бул жылы Жамбыл облусуна 600 млрд. теңге инвестиция тартылды

Бул жылы Жамбыл облусуна 600 млрд. теңге инвестиция тартылды

Казакстандын президенти Жамбыл облусунун коомчулугу менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев аймактын маанилүүлүгү бул тарыхый гана көз караштан эмес экендигин белгиледи. Бүгүнкү күндө облустун экономикасы жакшы темп менен өнүгүүдө. Бул жылы 600 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылып, 63 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү. Мамлекет башчысы белгилегендей, күчтүү аймактар – күчтүү мамлекеттин пайдубалы. Бүгүнкү күндө өлкө дүйнөлүк аренада активдүү катышуучу, Борбордук Азиядагы жана Закавказьедеги эң ири экономика болуп саналат. Бул жылы өткөрүлгөн эл аралык жолугушуулардын жыйынтыгында 70 миллиард доллардан ашык суммага коммерциялык келишимдерге кол коюлду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- «Борбордук Азия плюс» форматына суроо-талап барган сайын жогорулап жатат. Быйыл аймактын мамлекеттери Европа Биримдиги, Италия, Кытай, Орусия, АКШ, Жапония менен биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аймакка тартылган бардык инвестициялардын 60%дан ашыгы Казакстанга туура келет. Инвестициялар менен бирге жаңы технологиялар жана компетенциялар келип, биргелешкен илимий-техникалык борборлор түзүлүп, чет элдик жогорку окуу жайларынын филиалдары ачылууда. Казакстандык товарлар жана ата мекендик бизнес үчүн жабык чек аралар жана юрисдикциялар жок.

Жалпысынан алганда, Казакстан глобалдык туруксуздуктун жана татаал геосаясий кырдаалдын шартында бейтарап позицияны карманып, салмактуу тышкы саясат жүргүзүүдө. Бул өлкөнүн өнүгүшү үчүн тартылуу шарттарды түзөт. Казакстан түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдүн жолунда баратат. Конституциялык реформа жүргүзүлдү, экономикада масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Мунун баары конкреттүү натыйжаларды берет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Акыркы 5 жылда улуттук экономиканын өсүшү 15,8%ды түздү, ал эми быйыл 6%дан ашты. Бул 2012-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Жан башына эсептегенде ИДӨ 47%га өстү. Алтын-валюта резервдери жана Улуттук фонддун активдери рекорддук көрсөткүчкө жетип, 125 миллиард доллардан ашты.

Өндүрүш сектору да өсүш көрсөтүүдө. Өлкөдө ири өндүрүштөр жаңыдан ачылууда - бир гана ушул жылы 33 завод ишке кирди. Акыркы он жылда айыл чарбасынын дүң өнүмү 2,5 эсеге өстү. Мамлекет дыйкандарды каржылоо инструменттери менен активдүү колдоодо. Өлкө курулуш тармагында да чоң ийгиликтерге жетишти. 19 миллион чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Үчтүн айынын 1нен тарта жаңы Салык кодекси күчүнө кирет. Фискалдык система көзөмөлгө жана жазалоого негизделген моделден бизнес менен натыйжалуу өнөктөштүк курууга өтүшү керек. Бул Өкмөттүн алдында турган милдет. Региондордогу ишкердик климатты жакшыртуу үчүн, биринчи кезекте, айылдарда жана чакан шаарларда ишкердикти колдоого багытталган «Ишкер аймак» программасы ишке киргизилет.

Мамлекет башчысы Тараздагы жаңы аскердик мектеп-интернатка Бауыржан Момыш уулунун ысымын ыйгарууну да сунуштады. Бул республиканын түштүгүндө ачылган биринчи окуу жай. Ал эми баатыр жана легендарлуу кол башчыга Казакстандын Президенти «Эл Баатыры» наамын ыйгарган. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Жамбыл облусунун 14 тургунуна өлкөнүн экономикалык жана өнөр жайлык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков