Казакстанда италиялык туристтер тал экти

Казакстанда италиялык туристтер тал экти

Италиялык туристтер Казакстандын кооз жерлерин аралап, байыркы тарыхый-маданий кооз жерлер менен таанышууда. Жер Ортолук деңиз жээгинен келген коноктордун экскурсиялык программасында Тараз шаарынын ыйык жерлери да бар. Рим, Милан, Неаполь жана Турин шаарларынын тургундары Караханиддер доорунан бери келе жаткан Карахан күмбөзүнө атайын токтошту. Саякатчылар Аулие-ата аймагында өтүп жаткан «Таза Казакстан» акциясына катышып, тал экти. Коноктор өлкө боюнча өтүп жаткан масштабдуу тазалоо иш-чарасына суктанып, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган долбоорго жогорку баа беришти.

Кристина Гаригга, турист /Италия/:

- Баарына салам. Мен Кристинамын, бул Карло. Биз Казакстанга жума күнү конокко келгенбиз. Мында 14 күн болобуз. Бул өлкөдө көптөгөн маанилүү жана абдан кооз эстеликтер көп экен. Мындан тышкары, сиздерде абдан кооз жаратылыш бар. Сиздер менен бак отургузганыбызга кубанычтабыз. Ошондой эле, бул кооз фаунасы жана флорасы бар кооз өлкө. Баарына рахмат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков