БШК ЖМК өкүлдөрүнө атайын окуу өткөрүүдө

БШК ЖМК өкүлдөрүнө атайын окуу өткөрүүдө

3 күндүн ичинде журналисттер маанилүү өнөктүк боюнча мыйзамдарды бузбастан маалыматты туура таратууну үйрөнүшөт. Бүгүн аларга шайлоо системасынын негиздери, добуш берүү мөөнөттөрү, кабарчылардын укуктары жана милдеттери жана башка көптөгөн нерселер түшүндүрүлдү. Семинарга өлкөнүн бардык аймактарынан 65тен ашык ЖМК өкүлдөрү катышууда.

Сабила Мустафина, БШКнын мучөсү:

Бизде бардыгы болуп 6 окуу сайты бар. ЖМКнын башкы редакторлору, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, өзгөчө шайлоого байкоочулар үчүн онлайн семинарларды өткөрөбүз. Башка платформалар да бар. Бул жерде биздин максатыбыз – 70 миңден ашык округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн негизги кесиптик ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратпай окутуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков