Улуу талаа чет элдик сүрөтчүлөрдүн көзү менен

Улуу талаа чет элдик сүрөтчүлөрдүн көзү менен

Казактын улуу талаасы чет элдик сүрөтчүлөрдүн көзү менен. Канада, Германия, Франция, Бенин, Румыния жана башка өлкөлөрдөн 20дай сүрөт чебери Казакстандын ыйык жерлеринде болушту. Эки жума бою алар көчмөн элдин маданияты, жашоосу менен таанышып, Ботай конушун кыдырышты. Мында адамдар алгач атты колго үйрөткөн. Франк Хантан Казакстанга болгон сапарын анын дүйнө таанымын өнүктүрүүдөгү жаңы бурулуш деп атады. Ал бир эле учурда бир нече чыгармаларды жаратып, аларды коомдогу, жаратылыштагы жана дүйнөдөгү гармонияга умтулуу менен түшүндүргөн.

 

Франк Хантан, сүрөтчү /Германия/:

-Талаанын хан бүркүтү – Эгемендүүлүктүн символу. Ал Евразиянын так ортосунда жайгашкан эбегейсиз мейкиндикке канатын жайып турат. Казак жылкысын бүгүнкү күндө маданияттын орношунун символу катары аздектеп келишет. Мунун баарын мен көрүп, чыгармаларда чагылдырдым.

 

Улуу Талаа жөнүндөгү аңгемелерден шыктанган румын сүрөтчүсү бир эле убакта 12 чыгарманы тарткан. Ал өзүнүн бардык сезимдерин жана энергиясын кагаз бетине түшүргөн.

 

Рарес Керекес, Румыниялык сүрөтчү:

 -Иш өзүнөн-өзү жыла берет. Мунун баары менин Ботайга болгон энергиям. Мен мындайды  эч качан көргөн да,  башыман  өткөргөн да эмесмин.

 

Жалпысынан чет элдик сүрөтчүлөрдүн жүздөн ашык чыгармалары жана эскиздери сунушталды. Бештин айында бул сүрөттөр Алматыдагы кайрымдуулук аукционуна коюлат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков