Казакстандын «Чырак» мультфильми чет элдик фестивалдардын шорт-тизмесине кирди. Алардын арасында АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Италияны атаса болот. 24 мүнөткө созулган лентада адамдардан корккон шам жөнүндө баяндалат. Бирок ал досу үчүн кандай тоскоолдуктар болбосун күрөшүүгө даяр болот. Тасманын авторлорунун айтымында, негизги максат үй-бүлөлүк баалуулуктардын маанилүүлүгүн көрсөтүү. Ошондуктан тасманын сюжети көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Белгилей кетсек, ата мекендик мультипликаторлор бир учурда 2D-анимация менен заманбап 3D-графиканы бирге колдонушкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков