«Жаңы Казакстанды» түзүүгө өлкөнүн ар бир жараны катыша алат. Жарандар өз сунуштарын Казакстандын «Руханий жаңыруу» коомдук өнүгүү институтунун расмий сайтына калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу аталган институттун жетекчилиги билдирди. Казакстандыктардын өлкөнү кайра курууга болгон көз караштары саламаттык сактоо, билим берүү, инфраструктура, социалдык-экономикалык көйгөйлөр сыяктуу маселелердин кеңири спектрин камтышы мүмкүн.
Асем Кайдарова, «Руханий жаңыруу» Казакстан коомдук өнүктүрүү институту» КЕАК башкарма төрагасынын орун басары:
- Мунун бардыгы жалпыланган түрдө, сунуштар түрүндө болот. Тармактарга, багыттарга жана аймактарга бөлүнөт. Бул ар качан улана бериши керек. Анткени элдин муктаждыгы, үнү дайыма угулуп, максатына жетиши зарыл.
«Жаңы Казакстанды» түзүү боюнча калк арасында сунуштарды чогултуу, иштеп чыгуу жана айтылган идеяларды андан ары өнүктүрүүгө атайын серепчилердин жумушчу тобу түзүлөт. Анын курамына саясат таануучулар, социологдор, журналисттер, жарандык активисттер, илимий жана чыгармачыл интеллигенция, ошондой эле, республиканын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.
Асем Кайдарова, «Руханий жаңыруу» Казакстан коомдук өнүктүрүү институту» КЕАК башкарма төрагасынын орун басары:
- Мамлекет башчысы эл менен баарлашуу жана коомдук макулдашуу аянтчасын түзүүнү тапшырды. Ошонун негизинде биз эл арасынан, казакстандыктардан ой-сунуштарды чогулткан топ түздүк.
Которгон: Илгиз Жамалбеков