Казакстандык тасмалар Netflixде орун алышы мүмкүн

Казакстандык тасмалар Netflixде орун алышы мүмкүн

Жакынкы убакта казакстандык тасмалар Netflix стриминг платформаларында жайгаштырылышы мүмкүн. Учурда бул маселе өлкөнүн маданият жана спорт министрлиги тарабынан иштелип чыгууда. Ошондой эле, ата мекендик кинофондду ак-кара форматтан түстүү форматка өткөрүү маселеси каралып жатат. Мындан тышкары, тармактык мекеме ата мекендик кино өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоонун алкагында жылына 10дон кем эмес анимациялык жана кеңири таралган фильмдерди,  чет өлкөлүк премьералык тасмаларга дубляж кылууну камсыздай алат. Paramount Pictures Corporation, Walt Disney Pictures, Nickelodeon, TiJi телеканалдары сыяктуу киностудиялар менен кызматташуу да көздөлгөн. Белгилей кетсек, казакстандыктарды окутуу үчүн чет элдик адистер тартылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков