Казакстанда
палеонтология, минералогия жана кристаллография боюнча жаңы адистиктер пайда
болушу мүмкүн. Өнөр жай министрлигине караштуу комитетинин төрагасы Ерлан
Акбаров Астанада өткөн ата мекендик геологдордун биринчи форумунда тармакты
өнүктүрүү боюнча сунуштарды айтты. Анын айтымында, «көмүскө
кендерди» изилдөө үчүн принципиалдуу жаңы ыкмалар жана
технологиялар керек. Ошол эле учурда курултайдагы
серепчилер фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү жана иштерди жүргүзүүнүн
маанилүүлүгүн баса белгилешти. Бул үчүн республикада өзүнчө орган —
консультативдик кеңеш түзүү сунушталып жатат. Ал мамлекеттик деңгээлде жер
казынасын геологиялык жактан изилдөө маселелери
менен алектенет. Мындан сырткары, казакстандык геологдордун курултайында дагы
бир артыкчылык катары - улуттук геологиялык кызматты толук кандуу өнүктүрүү
жагы айтылды. Мында албетте, алдыңкы чет мамлекеттердин тажрыйбасы пайдалуу
болот. Эми казакстандык геологдор форумда кол коюлган меморандумдун алкагында
британиялык кесиптештеринен кабыл алышат.
Ерлан
Акбаров, Өнөр жай министрлигине караштуу геология комитетинин төрагасы:
-Бүгүн Британиянын геологиялык кызматы
менен меморандумга кол коюлду. Акыркы жылдары биз алар менен кызматташып келе
жатабыз. Бул меморандум бизге геологиялык тармакты сейрек кездешүүчү
металлдарды чалгындоо багытында жалпы өнүктүрүүгө, технологиялар, билимдер,
тажрыйбалар менен алмашууда адистерибиздин
компетенцияларын өнүктүрүүгө дем берет. Эл аралык кызматташтык бизге геологиялык тармакты өнүктүрүүгө шарт түзөт
деп ойлойм.
Которго: Илгиз Жамалбеков