Казакстандыктар кийим, бут кийим жана спорттук товарларды интернет дүкөндөрү аркылуу эң көп сатып алышат. Бүгүнкү күндө интернет желеси аркылуу онлайн соода жүргүзүүчүлөрдүн үлүшү болжол менен 63% ды түзөт. Андан кийин тамак-аш, турмуш-тиричилик буюмдары жана дары-дармектер сатылып алынат.
Белгилей кетсек, казакстандыктар арасындагы онлайн сатып алуулардын 30% КМШ өлкөлөрүнө таандык. Мындай маалыматтарды Finprom.kz сайты келтирди.
Адистердин айтымында, акыркы жылы жалпы электрондук соода 57%га өстү. Бул логикалык жактан туура. Анткени өз ден-соолугуна кам көргөн адамдар, ошондой эле коомдук жайларга барууну каалабаган керектөөчүлөр интернеттен жигердүү соода кыла башташты. Ошентип, электрондук соонданы колдонуучулардын эң чоң үлүшү Караганды облусунда байкалды. ТОП-3 аймактарына Нур-Султан шаары жана Мангыстау облусу дагы кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков