Казакстанда тогуз коргоол боюнча мектеп окуучулары арасында Биринчи дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. Алматыда өтүп жаткан мелдешке дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн 150дөн ашык жаш спортчулар катышууда. Ойлонуу жөндөмүн өркүндөтүүчү, чыдамкайлыкка шыктандырган, логикалык ой жүгүртүүсүн арттырган байыркы казак оюнунун мыктысы болуу максатында мектеп окуучулары рапид жана блиц мелдештерине катышууда. Жалпы байге фонду 8 миллион теңгени түзөт. Белгилей кетсек, тогуз коргоол келерки жылы өлкөдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген.
Алихан Байменов, дүйнөлүк тогуз коргоол федерациясынын
президенти:
-Акыркы жылдары тогуз коргоол абдан тез өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө логикалык оюндар боюнча мелдеш дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө өткөрүлөт. Тогуз коргоол – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген биринчи үстөл оюну. Андыктан оюнду мындан ары да өнүктүрүү, географиясын кеңейтүү биздин перзенттик парзыбыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков